Тарых музейин оңдоого бөлүнгөн каражат максатсыз пайдаланылган
Тарых музейин оңдоого бөлүнгөн акча каражаты максатсыз пайдаланылган. Бул тууралуу бүгүн «Ата Мекен» фракциясынын отурумунда Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшембиев билдирди.
Дүйшембиевдин айтымында, Башкы прокуратура тарых музейин калыбына келтирүүдө бир канча мыйзам бузуулар орун алгандыгын аныктады. "Мамлекеттик сатып алуулар тууралуу мыйзам аткарылган эмес. Бюджеттик каражаттар максатсыз коротулган. Тергөө дагы деле акырына чыга элек", - деп билдирди Дүйшембиев.
Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку кеңештин “Ата Мекен” фракциясы Тарых музейиндеги коррупциялык иштер боюнча жыйын өткөрүштү.
Ссылка: https://barometr.kg/taryh-muzejin-odoogo-blngn-karazhat-maksatsyz-pajdalanylgan
Добавить комментарий ×