Талкууга түшкөн мектептердеги тытылган китептер. Шайлоого кеткен сапырылган акчалар
Соц тармакта окуучуларга жаңы китеп берсе каталары четтен табылат, эски китептери тытылып, таза жери калган эмес деген сын пикирлер көбөйдү. Бул тууралуу Шахмат Федерациясынын президенти Милан Турпановдун соц тармакка калтырган билдирүүсүнө шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Ага ылайык, депутаттардын шайлоого миллиондогон АКШ долларларын коротору талкууланды. Ошол шайлоого кеткен акчанын бир бөлүгүнө эле жаңы китептерди балдар үчүн чыгарып берип койсоңор болмок деген сындар айтылды.
“Урматтуу министирлер, депутаттар жана президент силер эмне деген адамсыңар? Бүгүн мектептен китептерди алдык, менде сөз жок. Башка ата-энелер да мендей болуп айтарга сөз таба албай турса керек. Силердин шайлоого кеткен миллиондогон долларлар ушул карапайым элдин акчасы. А эмнеге балдар ушундай китептерден билим алышы керек. Азыр биз кайсы кылымда жашап жатабыз?”, -деген курч оюн калтырды Милан Турпанов.
Добавить комментарий ×