Талибдер Тажикстандын чек арасына өздөрүнүн желегин илди
"Талибан" кыймылынын жоочулары бүгүн, 8-июлда Тажикстан менен чектешкен Пяндж дарыясы аркылуу өтө турган көпүрөгө өздөрүнүн желектерин илди. Бул тууралуу РИА Новостиге шилтеме кылуу менен “Барометр” билдирет.
“Афганистандын өкмөттүк аскерлеринен чек ара постту басып алган талибдер эки өлкөнү бириктирип турган көпүрөгө өздөрүнүн желектерин илди”,-деп айтты Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан автономикалуу областынын администрация өкүлү.
5-июлга караган түнү афган чек арачылары кол салган талибдерге чек ара көзөмөл бекетин согушпастан эле өткөрүп берген. 312 афган чек арачылары көпүрө аркылуу Тажикстанга качып кирген.
Ссылка: https://barometr.kg/talibder-tazhikstandyn-chek-arasyna-zdrnn-zhelegin-ildi
Добавить комментарий ×