Таластын Өтмөк ашуусундагы жол кырсыгынан 7 жаштагы кыз каза тапты

27 август 2018 16:45 1205 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Таластын Өтмөк ашуусунда жол кырсыгы болуп, андан болжолу 7-8 жаштардагы өспүрүм кыз каза тапты. Бул тууралуу Азаттык билдирди. 

Алардан алынган маалыматка ылайык, авариядан жалпысынан төрт киши жабыр тарткан. Анын бирөөнө амбулаториялык жардам көрсөтүлгөн. Калгандарынын ден соолугу канааттандырарлык болгондуктан, ошол эле күнү ооруканадан чыгарылган.

Жол кырсыгы 26-август күнү эртең менеки саат 8-8:30дар чамасында катталган. Кырсыкка кабылган Ош облусунун тургундары Казакстан аркылуу Орусияга баратканы айтылууда. Окуя боюнча азырынча ички иштер башкармалыгынан маалымат түшө элек. 

Ссылка: https://barometr.kg/talastyn-tmk-ashuusundagy-zhol-kyrsygynan-7-zhashtagy-kyz-kaza-tapty



Добавить комментарий