Таластан эки жашар бала жоголуп, изделүүдө
Талас облусунун Бакай-Ата районудагы Өзгөрүш айылынан эки жашар бала жоголду. Бул тууралуу Талас ОИИБнин Басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Кечээ, 12-апрелинде саат болжолу 17:30 чамасында Бакай-Ата РИИБнүн Нөөмөт бөлүмүнө Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылынын тургуну телефон аркылуу: ошол эле күнү саат 15:30 чамасында Өзгөрүш айылынын 2019-жылы туулган Рамзан Адилетович Айткулов үйүнүн эшигинин алдында ойноп жатып, белгисиз себептер менен жок болуп кеткендигин билдирген.
Окуя болгон жерге ошол эле замат Талас ОИИБи менен Бакай-Ата РИИБнүн тергөө-ыкчам топтору барып текшерүү иштерин жүргүзүшкөн. Текшерүү учурунда, Айткуловтун апасы саат болжолу 15:00 чамасында үйүнүн эшигинин алдында кайненеси экөө кир жууп жаткан, Рамзан жанында басып ойноп жүргөн. Жарым сааттан кийин эле баласын Рамзанды издеп таппай калышкан.
Аталган арыз Бакай-Ата РИИБнүн маалыматтарды эсепке алуу журналына катталды.
Жоголгон баланы издеп табуу максатында Талас ОИИБнин жана Бакай-Ата РИИБнүн 80ден ашык кызматкерлери, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 6 кызматкери менен жергиликтүү айыл тургундары менен “Кара-Суу” жана “Талас” дарыясы бойлоп издөө иштери жүргүзүлдү. Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык бала Талас дарыясына агып кетиши мүмкүн.
Аталган факты боюнча, азыркы учурда дайынсыз жоголгон баланы табуу максатында жогорудагы көрсөтүлгөн күч каражаттары менен “Талас” дарыясынын жээгинде жана токойдо издөө иштери жүргүзүлүп жатат.
Талас ОИИБи 2 жаштагы баланы көргөн билгендер болсо, кабарлашып жардам берүүңүздөрдү суранат.
Белгилери: бою болжолу менен 55-65 см, дене түзүлүшү толук, чачы кыска күрөң түстө, көздөрү күрөң түстө.
Кийген кийими: кара түстөгү водолазка, кызыл түстөгү чермей (безрукавка) астында кара түстөгү спорттук шым, бутунда кара түстөгү көлөч.
Жогорудагы бала тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, милицияга 102 кызматына кабарлап коюуңуздарды суранабыз.
Андан тышкары байланышуу үчүн телефондор: 03457 32314, 03422 6 0547,0701 131396, 0701 601 629, 0779 102 153.
Ссылка: https://barometr.kg/talastan-eki-zhashar-bala-zhogolup-izdeld
Добавить комментарий ×