Таластагы жол кырсыгынан 10 адам жабыркады
Бөлүшүү:
Талас районунда болгон жол кырсыгынын кесепетинен 10 адам жабыркагандыгын ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка таянсак, 2-июнда, болжол менен саат 22:35терде Суусамыр-Талас-Тараз автожолунун 59 километринде, тагыраагы Кара-Ой айылына жакын жерде «Ауди С4» жана «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү эки автоунаа кагышкан.
Жабырлануучулар жеңил жаракаттарды алышкан жана Чат-Базар айылдык ооруканасына жеткирилген.
Ссылка: https://barometr.kg/talastagy-zhol-kyrsygynan-10-adam-zhabyrkady
Добавить комментарий ×