Таластагы чек арада мыйзамсыз ташылып бара жаткан 170 литр солярка кармалды

26 май 2018 23:57 1014 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен иш алып баруу жана ЖМК бөлүмүнүн маалыматына караганда, 2018-жылдын 25-майында “Чоң-Капка-автожолу” козөмөл бекетинде чек ара кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз ташылып бара жаткан күйүүчү-майлоочу материалдан турган жүктү ташып өтүү аракетине бөгөт коюлду. Кыргыз Республикасынын жараны автоунаасына кошумча бак орнотуп, анын ичин 170 литр солярка менен толтуруп, Казакстандын чек арасынан Кыргызстанга уруксат кагаздары жок өтүү аракетин жасаган. Тиешелүү документтер түзүлгөндөн кийин, кармалган жаран жана буюмдар Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Ссылка: https://barometr.kg/talastagy-chek-arada-myjzamsyz-tashylyp-bara-zhatkan-170-litr-solyarka-karmaldy



Добавить комментарий