Таласта унаа жолдон чыгып, оодарылып кетти

13 август 2018 20:00 1234 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

12-августта Тараз-Талас-Суусамыр унаа жолунда Субару Форестер үлгүсүндөгү унаасынын айдоочусу рулду башкара албай, унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен. Бул туурасында ӨКМ билдирет.  Кырсыктын кесепетинен 1 адам каза болуп, 4 адам жабыркады.  Жаракат алгандар жакынкы Чат-Базар айылында жайгашкан ооруканага жеткирилди. 

Куткаруучулар кырсык болгон жерге барып, каза болгон адамдын денесин туугандарына өткөрүп беришти. 

Ссылка: https://barometr.kg/talasta-unaa-zholdon-chygyp-oodarylyp-ketti



Добавить комментарий