“Бакубат Талас” фонду селдин кесепетинен жабыркагандарга 21 тонна күйүүчү май берди
Кечээ, 1-июнда Таласта “Бакубат Талас” фондунун директору Качкымбаев Батырбек селдин кесепетинен жабыркагандарга күйүүчү майдын талонун тапшырып берди. Бул тууралуу “Бакубат Талас” фондунун берген маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалыматка ылайык, аталган фонд селден жабыркаган айдоо жерлерди кайра айдап себүү иштерине жана жол, каналдарды өз калыбына келтирүүгө көмөктөшөт. 21 тонна күйүүчү май жана суу берүүчү Акведук жабдыгын оңдоого 300 миң сом каражат бөлүнүп берилди. 21 тонна күйүүчү майдын 11 тоннасы дыйкандарга кайрадан жерди айдап себүү үчүн акысыз берилет. Ар бир гектарга 50 литрден каралган.
Ал эми калган 10 тонна күйүчү май, Бердике баатыр жана Шадыкан айыл өкмөттөрүндөгү селдин кесепетинен улам жараксыз абалга келген жолдорду жана каналдарды кайрадан калыбына келтирүү иштерине сарпталат.
Эске сала кетсек, 26-май күнү кечинде Талас районунун Бердике баатыр айыл өкмөтүндө жана Бакай-Ата районунун Түйтө айылында сел жүрүп 243 гектар айдоо жерди суу каптап кеткен.
Ссылка: https://barometr.kg/talasta-seldin-kesepetinen-zhabyrkagandarga-kjch-majdyn-talonu-tapshyryldy
Добавить комментарий ×