Таласта өрттөнүп кеткен спорт мектеп “Альянс Алтындын” колдоосу менен жаңыланды

22 март 2023 17:35 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Альянс Алтын” компаниясынын колдоосу менен Талас шаардык балдар өспүрүмдөр спорт мектеби жаңыланды.

Маалым болгондой, 20-мартта Талас шаарындагы балдардын жана өспүрүмдөрдүн спорт мектеби кайрадан ишке кирди.  

Облус башчысы Нурлан Дарданов, Талас шаарынын мэри Аскар Шабданов, “Альянс Алтын” компаниясынын мамлекеттик органдар  менен иштөө бөлүмүнүн жетекчиси Кынатбек Сарчав жана спорт тармагынын кызматкерлери менен жаш спортчулар катышты.

Эске салсак, 2022-жылдын 20-июнунда аталган спорт мектебинде өрт кырсыгы катталып, мектептин чатыры жана эмеректери күйүп, окуу үчүн жараксыз абалга келген.

Өрттөнгөн имаратты калыбына келтирүүдө демөөрчүлүк кылган “Альянс Алтын” өнүктүрүү фондунан 6 миллион сомдон ашык каржылык колдоо болгонун компаниянын кызматкери Кынатбек Сарчаев билдирди. 

Анын айтымында, имарат кырсыкка учурагандан кийин тез арада калыбына келтирүү үчүн өнүктүрүү фондуна кайрылуу келип түшкөн. Кайрылуунун негизинде ммараттын чатырын жабууга жанасырткы, ички ремонт иштерине 4,7 миллион сом, спорт жабдыктарын сатып алууга 513 360 сом, олимпиадалык бокс рингин сатып алууга 340 миң сом жана 100 бала, 6 машыктыруучуга спорт формаларын алып берүүгө 578 550 мин сом бөлүнгөн.

Салтанаттуу ачылыш аземге катышкан Талас облусунун башчысы Нурлан Дарданов, ачылып жаткан заманбап бокс залынан олимпиаданын чемпиондору чыгаарына ишеним артаарын жана каржылык колдоо көрсөткөндүгү үчүн “Альянс Алтын” компаниясына ыраазычылык сөзүн айтты.

Спорт мектебиндеги бокс залына, бокс федерациясынынТалас облусу боюнча экс-вице президенти, маркум Талант Жолдошевдин ысымы ыйгарылды.

Кезинде жаш боксчуларды дүйнө чемпиондугуна чейин алып чыгууда чоң эмгек жасаган Талант Джолдошевдин жакындары, анын ысымы бокс залына берилип, материалдык жактан көмөк көрсөткөндүгү үчүн “Альянс Алтын” компаниясына ыраазычылыгын билдиришти.

Азия чемпиону, боксчу Чаткалбеков Алишер атасынын атынан коюлган бокс залында мындан ары машыктыруучу болуп эмегектенет. 

“Талас шаарындагы спорт мектебинде бокс боюнча секция эгемендүүлүктү алган жылдары жоюлуп кетип, атам Талант Джолдошев 2011-жылы кайрадан түптөгөн. Бир топ спортчуларды дуйнөлүк аренага чейин алып чыкканга үлгүрдү. 

Кырсык болуп 2022-жылдын жайында күйүп кеткен спорт мектепти бокс залы кылып ачып берген жергиликтүү бийликке, каржылык жактан колдоо көрсөткөн “Альянс Алтын” компаниясына үй-бүлөбүздүн жана жаш спортчулардын атынан ырахмат айтабыз”, - деп билдирди А. Чаткалбеков.


Маалымат катары: Талас шаарындагы балдар өспүрүмдөр спорт мектеби 1960-жылдаары ачылган. Учурда шаардын үч жеринде спорттук залдары орун алган. Бардыгы болуп 27 штаттык бирдик жана 840 өспүрүм тарбия алуучулар бар.

Ссылка: https://barometr.kg/talasta-rttnp-ketken-baldar-sprmdr-sport-mektebi-alyans-altyndyn-koldoosu-menen-zhaylandy



Добавить комментарий