Таласта өрткө каршы машыгуу болду

26 декабрь 2019 09:43 709 Barometr
Бөлүшүү:
ok

2019-жылдын 24-декабрында Талас облусунун Кара-Буура районунун Сатыкей айылында жайгашкан ОсОО “Партнерь нефть” Талас нефтебазасында өрттүк-тактикалык машыгуу болуп өттү. 

Машыгуунун максаты өздүк курамдын өрт өчүрүүдө болгон билим деңгээлин, кызматкерлердин ыкчам кыймыл аракеттерин жогорулатуу жана нефтебазанын кызматкерлерине алгачкы  өрт өчүрүү ыкмаларын текшерүү болуп саналат.  

Өрттүк-тактикалык машыгууга Кыргыз Республикасынын ӨКМнин Борбордук аппаратынан 3 кызматкер, Кара-Буура райондук ӨКБнөн 2 өрттүк автоунаа өздүк курамы менен 12 адам, Манас райондук ӨКБнөн 1 өрттүк автоунаа тартылып өздүк курамдан 6 адам катышты. 

Ошондой эле райондук ИИБнөн 5 кызматкер, Талас облусу боюнча АЗС операторлорунан 32 кызматкер, “Секьюрити” кароол агенттигинен 8 кызматкер жана ОсОО “Партнер Нефть” Талас нефтебазасынан 12 кызматкери тартылып МП-1600 мотопомпасы колдонулду. 

Андан тышкары Талас облусунун райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрдөн 18 кызматкер катышып, машыгуу иштерине көмөк көрсөтүштү.  

Ссылка: https://barometr.kg/talasta-rtk-karshy-mashyguu-boldu



Добавить комментарий