Таласта күйөөсүн мыкаачылык менен өлтүрүп койгон аял кармалды
Талас облусунун Манас районунда 27 жаштагы күйөөсүн өлтүрүүгө шектелген аял кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБнин басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
2021-жыдын 30-январь күнү саат 06:30 чамасында Манас районунун Новодонецк айылынын 1994-ж.т. тургуну бети башында жаракат белгилери бар абалда жансыз денеси өзү жашаган үйүнүн короосунан табылган.
Тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барып, жеринен кароо жүргүзгөн учурда, үйүнүн кире бериш бөлмөсүндө 1994-ж.т. Х.Н. жансыз денеси чалкасынан жаткан. Денесине учтуу нерсе менен сайылып, урулган жаракат белгилери болгон.
Аталган факт боюнча Манас РИИБнүн Тергөө кызматы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине которулуп, Кыргыз Республикасынын ЖКнин 130-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кылмыштын бетин ачуу максатында Талас ОИИБнин жана РИИБнин тажрыйбалуу кызматкерлеринен турган топ түзүлүп, тергөө жана иликтөө иштери башталат. Ыкчам иш аракеттерди алып барууларынын негизинде ошол эле күнү кылмыштын бети ачылып, кылмышка шектүүнү аныктап кармашты. Кармалган шектүү маркумдун аялы болуп чыкты.
Ага карата Кыргыз Республикасынын ЖКнин 130-беренеси менен кылмыш жасагандыгына шектүү кабарлама берилип, Кара-Буура РИИБнүн УКЖна камакка алынды. Азыркы убакта аталган факты боюнча экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/talasta-kjsn-mykaachylyk-menen-ltrp-kojgon-ayal-karmaldy
Добавить комментарий ×