Бишкек шаарынын мэри кызматына келүүнү каалагандар эми коркутууга өтүштү
Бишкек шаарынын мэри кызматына чыныгы күрөш уланып жатат.
Бишкек шаарынын экс-мэри Азиз Суракматовду жаңы бийлик отставкага кетүүгө мажбур кылды. Муниципалитетке кайрадан кайтып келген Нариман Түлеевге уруксатсыз митингдерди уюштуруп жаткан эл тоскоолдук болуп, иштетпей жатышат.
Ак үй мэриянын алдында болуп жаткан башаламандыкты көрбөй жаткандай түр көрсөтүп, үн катпай жатат.
Шаардыктар өлкөнүн борбору туңгуюка кабылып калганын айтып жатышат. Себеби, компетенттүү жана билимдүү адистерге жол берилбей жатканан кабатыр болуп жатышат.
Ал эми, калаа мэрлигине өзүнүн талапкерлигин көрсөтүп жаткан Төрөкан Жунусбеков президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровго коркутуу иретинде кайрылуу жолдогон.
Ал Жапаровдун тарапташы экендигин билдирип, мэрлик кызматка татыктуу экендигин айткан.
Төрөкан Жунусбеков өз сөзүндө Жапаров тарапташтарын колдоого, алар каалаган бийликке олтургузууга милдеттүү экендигин айтып чыкты.
Ага утурлай эле, ага каршылаш болуп, дагы бир активист Асхат Осмонов деген жигит чыкты. Ал Төрөкан Жунусбековдон айырмаланып ачык эле видео кайрылуу аркылуу Жапаровдон талап кылды. Садыр Жапаров аны борбор калаанын мэринин кызмат ордуна дайындоого милдеттүү экендигин талап кылган.
Асхат Осмонов Садыр Жапаровго көп нерсени эскерди. Ал үчүн кандай тобокелдиктерге барып, түрмөдө жатканда анын эркиндиги үчүн митингдерге катышып, аны кандайча колдогонун экертип өттү.
Осмонов 5-6-октябрдагы окуялардан кийин Садыр Жапаров ага сыйлык катары жогорку кызматты берем деп убада кылгандыгын ачык айтты.
«Мен чыдамдуулук менен күттүм, сизди убара кылган жокмун. Мага берген убадаңызды аткарасыз деп үмүттөнгөм. Бирок, мен сизди туура чечим чыгарат деп күтүп жатам ”, - дейт Асхат Осмонов видео кайрылуусунда.
Видео кайрылууда ал адам Садыр Жапаровго ультиматум коюп жатканын көрүүгө болот. Ал мындай дейт: "Мен керек болсо Суракматовдон да жакшы иштеп берем. Мен да куруучумун, шаарды гүлдөтүп коюууга кудуретим жетет" , - деди ал.
Бирок, шаар мэри болуу оңой эмес. Мэрдин кызматы татаал жана жооптуу милдет. Бул кызматка тажрыйбасы мол, менеджменттин жакшы сыналган методдору, шаардын көйгөйлөрү жөнүндө жакшы билген, башкаруу жөндөмдүүлүгүү адис керек.
Асхат Осмонов жана козголоңчу топтордун башка лидерлери, биринчи кезекте, каржылык кризис түрүндө жакындап келе жаткан коркунучтун канчалык деңгээлде кооптуу экендигин түшүнүшү керек.
Добавить комментарий ×