Күйүп жаткан унаадан айдоочуну куткарып калган жаран медаль менен сыйланды (сүрөт)
Талас облусунун тургуну Рамисбек Рыскулов Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин медалы менен сыйланды. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
1-августта Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолундагы Өтмөк ашуусунан чон жүк ташуучу унаа жол кырсыгына кабылган.
Унаада 61 жаштагы Белорусиялык айдоочу болгон. Ошол маалда жол кырсыгына унаадан өрт чыгып айдоочу кырсыкка кабылган.
Окуянын күбөсү болуп Талас облусунун 53 жаштагы тургуну Рамисбек Рыскулов өз өмүрүн тобокелге салып, өрттөнүп жаткан жүк ташуучу унаадагы айдоочуну сыртка чыгарып, аман эсен сактап калган. Талас облусунун тургуну Рамисбек Рыскулов жарандык милдетин так жана ыкчам аткаргандыгы үчүн КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин “Аскердик жарандык кызматташтыкты чындаганы үчүн” медалы менен сыйланды.
Сыйлыкты Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун буйругунун негизинде Талас облусттук башкармалыгынын башчысы Талант Касиев тапшырды. Мындай жакшы саамалыкка министр Замирбек Аскаров өз кезегинде ыраазычылыгын билдирип адамдардын өмүрүн сактап калууда жол кырсыгына кайдыгер карабай өз өмүрүн тобокелге салган жакшы көрүнүш. Өлкөбүздө кырсык болбосун! Жалпыныздарды алыс жолго чыгууда коопсуздукту сактоого чакырат элем", - деди өз сөзүндө министр Замирбек Аскаров.
Ссылка: https://barometr.kg/talas-turgunu-medal-menen-syjlandy-srt
Добавить комментарий ×