Талас - Тараз - Суусамыр унаа жолун курууда мамлекетке 729 миң доллар чыгым келтирилген
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Талас - Тараз - Суусамыр унаа жолунун курулушунда бааларды жогорулатуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик комитеттин отурумунда айтылды.
Маалыматка ылайык, кызмат бааларынын көтөрүлгөнү үчүн мамлекетке 729 миң доллар чыгым келтирилген. Долбоорду "Чакыр Япы Санари ве Тижарет" компаниясы ишке ашыруда. Кылмыш ишин козгоого "Кыргыз жол курулуш" ишканасынын аразы негиз болууда. Азырынча эчкимге күнөө коюла элек.
Ал эми жолду куруп жаткан компаниянын жетекчиси Фариз Жамилдин айтымында, УКМК курулушту атайын токтотуп жатат. Комитетте эч кандай кылмышты далилдөөчү документ жок.
Белгилей кетсек, аталган жол курулушунун 98 пайызы аяктап калган.
Добавить комментарий ×