Талас облусунун Манас районунда 4 санитардык-карантиндик пост орнотулду

25 апрель 2020 10:38 2117 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Талас облусунун Манас районунда коронавирус илдетин алдын алуу жана жайылышын токтотуу максатында 4 санитардык-карантиндик пост орнотулган. Аталган посттордо, Манас РИИБдин, ӨКМдин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери биргеликте күнү-түнү кызмат өтөшүүдө. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. 

Милиция кызматкерлери кызмат өтөө учурунда жарандарга карантиндик режимдин талаптарын сактоосу жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Манас РИИБдин бардык кызматкерлери зарыл болгон коргонуу каражаттары, бет кап, кол кап, атайын кийимдер менен камсыздалган.

Мындан тышкары, Кайыңды, Покровка жана Май айыл аймактарында жергиликтүү айыл-өкмөттөрдүн депутаттарынан, элдик кошуундан куралган кошумча 4 фильтрлөөчү пост орнотулган. Манас РИИБдин административдик имараты да, дайыма дезинфекцияланып турат. Милиция кызматкерлери тарабынан 2 обсервациялык пункт кайтарууга алынган.
Талас облусунун Манас району Казакстандын Жамбыл облусу менен чектешкен. Карантиндик режимдин биринчи күндөрүнөн баштап, коронавирус илдетин алдын алуу боюнча башка мамлекеттик органдары менен биргеликте милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыздоого тартылган.

Ссылка: https://barometr.kg/talas-oblusunun-manas-rajonunda-4-sanitardyk-karantindik-post-ornotulgan



Добавить комментарий