Талас облусунун башчысы Марат Мураталиев Жерүй кениндеги акыркы окуялар боюнча түшүндүрмө берди – видео

26 февраль 2020 18:55 3061 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев Жерүй кениндеги акыркы окуялар боюнча түшүндүрмө берип, маалымат жыйында кеңири түшүндүрдү.

Ал буга чейин жарандык активист Айбек Бусурманкуловдун мамлекет башчысына кайрылганынан кийин окуянын чоо-жайын түшүндүрүп берүүнү чечкен.

“Жерүй кенине байланышкан маселелер боюна мага бир гана Айбек эмес башка жарандык активисттер дагы кайрылган. Бишкекте болгон тегерек столдо коомдук ишмер Базарбай Мамбетов Жерүйдүн 5 миллиарды тууралуу айтыптыр. Коомдук уюмдар менен тегерек стол өткөрүп, ийри отуруп түз кеңешели дедик. 5-февралда Талас шаарындагы ресторандардын биринде тегерек стол өттү. Аны Серен Шейшенов уюштуруп, мени дагы чакырды. Мен ал чогулушка ыйгарым укуктуу өкүл катары барып катыштым. Ал жерде Айбек менен чогуу 30дай бала барып, кыйкырып эч кимге сөз берген жок. Алар жыйындын жарымына чейин гана катышып, улууларга дагы сөз бербей, тартипти бузушту. Эгер алар чынында эле ишке күйө турган болсо, эмнеге аягына чейин күтүшкөн жок? Тегерек столдун жыйынтыгында резолюция кабыл алынды. Бир жумадан күндөн кийин жарандык бирикеменин төрагасы Серен Шейшенов бизге келип, кол коюлган резолюцияна берди. Андан кийин 18 кишиден турган комиссиялык жумушчу топ шайланган. Ага ар бир райондон үчтөн өкүл шайланып, Бекмолдо айыл өкмөтүнөн дагы өкүлдөр кирген. Алар Жерүй кенин текшерүүнү баштамак. 19-февралда 13 киши чогулуп, өздөрү комиссия түзүп, убактылуу төраганы шайлап мага келип кайрылып, протокол боюнча Кара-Буура районунун өкүлдөрү келбей калды жыйынды 25-февралга жылдырдык дешти”, — деди ал.

Мураталиев андан сырткары 20-февралда Айбек балдары менен келип, эч кандай уруксаты жок эле “Бакай-Ата мурас” коомунун имаратына кирип жыйын курганын айтты.

“Ал жактан өздөрү чогулуп, жыйын кылышып, мага комиссиялык топ түзүлгөнү боюнча резолюцияны алып келди. Менин колумда жарандык коомдун резолюциясы бар болчу. Мен ошол менен иштейм. Аларга 25-февралда жыйын болорун айтып, алар дагы келип катыша аларын айттым. Силерге эмне эле кызык болуп жатат? Жерүйдү текшерүүбү же оюңар барбы деп ошол жерден айттым”, — деди ал.

Облус башчысы андан сырткары Таласка келип каалаганын кылып, өз алдынча комиссия түзгөндү туура эмес деп эсептей труганын кошумчалады. Андан сырткары мыйзам бар экенин, ал менен иш кылуу керек айтты.

Жерүй боюнча кемчиликтер болсо, ал тууралуу компанияга айтуу керектигин алар оңдой турганын белгиледи.

“Таластын тургундары Кыргызстандын эли, бул жерди эч ким эч кимди бөлөйүн деген жок. Бир жакадан баш чыгарып Таласты өнүктүрүп жатабыз”, — деди Мураталиев.


Ссылка: https://barometr.kg/talas-oblusunun-bashchysy-marat-murataliev-zherj-kenindegi-akyrky-okuyalar-boyuncha-tshndrm-berdi-video



Добавить комментарий