Талас облусундагы Жерүй алтын кенинин аймагына 20 жапайы кыргоол кое берилди

20 декабрь 2022 17:14 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Талас облусундагы Жерүй алтын кенинин аймагында 20 (жыйырма) жапайы кыргоол кое берилди. 

Эми Жерүйдүн аймагында Чоң-Чычкан дарыясынын жанындагы токойдо 20 жапайы кыргоол жашайт.

Семиреченский тукумундагы кыргоолдор Талас облусунун Манас районунан алынып келинген.

КРнын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин уруксаты менен Талас облустук мергенчилер жана балыкчылар коомунун төрагасы В. Мазер жана КРнын ЖРЭТКМнин облустук кызматкерлери А. Кутманов, Д. Давлетказиев, ошондой эле “Альянс Алтын” компаниясынын тийиштүү кызматкерлеринин катышуусунда жапайы кыргоолдорду кое берүү иши жүргүзүлдү. 


Эске сала кетсек “Альянс Алтын” компаниясы буга чейин Жерүй алтын кенинин аймагындагы Чоң-Чычкан, Түз-Ашуу сууларына форель балыгын жайылтууну максат кылып, кое беришкен. 

Андан тышкары Алтай жергесинен Таласка маралдардын алынып келишине демөөрчүлүк кылган.

Ссылка: https://barometr.kg/talas-oblusundagy-zherj-altyn-keninin-ajmagynda-20-zhapajy-kyrgool-koe-berildi



Добавить комментарий