Талас дарыясынан эки жашар баланы издөө иштери токтоло элек

19 апрель 2021 11:51 3512 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Таласс дарыясына чөгүп кеткен баланы жети күндөн бери издеп жатышат. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет. 

"12-апрелде, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылындагы Талас дарыясына саат 17:00 чамасында 2019-жылы туулган А.Р. аттуу бала чөгүп кеткен.

Бүгүн жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМнин Талас облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары, Талас шаардык №17 ӨКБдан  5 куткаруучу, Бакай-Ата райондук ӨКБдан 5 куткаруучу, Кара-Буура райондук №91 ӨКБдан 6 куткаруучу, жана Суучулдар кызматынан 5 суучул, жалпы 22 куткаруучу, ИИМден 10 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылган. Кошумча маалымат берилет", - деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/talas-daryyasyndagy-izd-ishteri-toktolo-elek



Добавить комментарий