Талаадан 26 миң долларлык алтын куймасы табылды
Австралиянын Бендиго шаарында жашаган үй-бүлө талаада сейилдеп жүрүп алтын уютмасын таап алган. Бул тууралуу news.com. маалымат булагы жазды.
Шаардын четинде эки кичинекей кызы жана Лаки аттуу ити менен сейилге чыккан адамдын айтуусунда, ал алгач табылгага анча деле маани берген эмес.
«Чынында мен аны карабай эле өтүп бараткам. Менин кызым аны тепкилеп көрүп, «Ата, бул алтынбы?»,-деп сурады. Мен болсо «Андай болушу мүмкүн эмес» дедим»,-деп айткан ал.
Алар табылгасын адиске алып барышканда, уютма 624 граммдык алтын болуп чыккан. Мындай көлөмдөгү уютма жок эле дегенде 35 000 австралия долларына бааланат экен. (26 000 АКШ доллары).
Кызыгы ал үй-бүлөгө алтын учурунда табылган белек болгон. Анткени, аларга бул учурда акча абдан керек болуп турган экен.
Эми алар алтын табылган жерден дагы алтын чыгат деген ишенимде. Табылга ээсинин айтымында, мындай чоң алтындын жанында дагы чоңураагы болушу мүмкүн.
Ссылка: https://barometr.kg/talaadan-26-mi-dollarlyk-altyn-kujmasy-tabyldy
Добавить комментарий ×