Тайырбек Сарпашев тил каттын негизинде бошотулду

30 июнь 2021 20:00 477 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 29-июнда мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин баш коргоо чарасын карады. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

Сарпашев сот иштери аягына чыкканга чейин эч жакка чыкпоо боюнча тил каттын негизинде бошотулду.

Сарпашев 18-июнда “Кумтөр” иши боюнча кармалып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына камалган.

 

Ссылка: https://barometr.kg/tajyrbek-sarpashev-til-kattyn-negizinde-boshotuldu



Добавить комментарий