Тайырбек Сарпашев "Кумтөр" иши боюнча кармалды

18 июнь 2021 11:09 1508 Айпери Эшенкулова
Бөлүшүү:
ok

«Кумтөр» иши боюнча мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Сарпашев кечээ, 17-июнда Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү (коррупция) боюнча кылмышка шектүү делип кармалды.

“Тайырбек Сарпашевдин өлкөнүн жогорку саясий жетекчилигинде иштеп жатып канадалык «Сentera» компаниясынын өкүлдөрү менен жең учунан сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, «Кумтөр» кенинде жайгашкан мөңгүлөрдүн экологиялык коопсуздугуна зыян келтирип, аталган компаниянын кызыкчылыктарын ишке ашырууга багытталган кылмыштуу иш аракеттери аныкталды.

Тергөө иштринде, Сарпашев Кыргыз Республикасынын өкмөтүндө жооптуу кызматтарды ээлөө менен, «Центерранын» кызыкчылыгында мөңгүлөрдүн сакталышын камсыз кыла турган мөңгүлөр жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгууга жана кабыл алууга тоскоолдук кылган.

Мындан тышкары, ал кылмыштуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, «Кумтөр Голд Компания» ЖАК мөңгүлөрдү иштетүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө, «Кумтөр» кенинде жайгашкан, «Лысый» жана «Давыдов» мөңгүлөрүнүн талкаланышына алып келе турган Республиканын Суу кодексине өзгөртүүлөрдү кылуу үчүн өлкөнүн парламентинин кароосуна киргизген”, - деп айтылат маалыматта.

Биринчи Май райондук соту анын баш коргоо чарасын карайт.

Ссылка: https://barometr.kg/tajyrbek-sarpashev-kumtr-ishi-boyuncha-karmaldy



Добавить комментарий