Тайланддагы үңкүргө камалып калган спортчулар дагы деле куткарыла элек

29 июнь 2018 18:00 1921 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Тайланддагы Кхао Луанг деген үңкүргө камалып калган футбол командасынын балдары жана машыктыруучусу ушул күнгө чейин куткарыла элек. Бул тууралуу CGTN маалымат агенттиги жазды. Берилген маалыматтарга ылайык учурда балдарды куткаруу үчүн Британдык суучулдар жана Америкалык куткаруу отряды келген. Алар 3 км тереңдикке чейин үңкүрдүн алдына киришкен, бирок ташкындаган суунун агымынан кайра артка кайтууга мажбур болушкан. 

"Тоонун башынан тешип кирүүгө өтө коркунучтуу, үңкүр урап, балдарды басып калышы мүмкүн"-деп билдирет Касетсарт Университетинин геотехника боюнча эксперти Сутиссак Соралумп. 

Жоголгон балдар 11 ден 16 жашка чейинки өспүрүмдөр болушкан. Алар ишемби күндөрү кирип кеткен боюнча кайра чыга элек. Үңкүрдүн алдындагы велосипед, спортчуларга таандык буюмдардан улам жергиликтүү эл кабар берген. 

Кхао Луанг үңкүрү Тайланддагы бирден бир узун үңкүрлөрдүн бири. Анын узундугу 10 км дей болот жана айрым татаал тосмолорду өтүш үчүн дасыккан суучулдар үчүн да кыйынга тураарын жергиликтүү элдер айтат. Июнь айынан тарта ноябрь айларына чейин бул жерде мезгил-мезгили менен суу ташкындап, нөшөрлөп жамгыр жаап турат. 




Ссылка: https://barometr.kg/tajlanddagy-krg-kamalyp-kalgan-sportchular-dagy-dele-kutkaryla-elek



Добавить комментарий