“Электр станциялары”: Бишкек жылуулук электр борбору кышка толук даяр

9 сентябрь 2019 15:13 1429 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек Жылуулук электр борбору кышында боло турган бардык оордуктарга даяр болду. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын маалымат катчысы Тагжана Айдаралиева фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын белгилешинче, бардык жабдуулар керектүү көлөмдөгү оңдоп-даярдоо иштеринен өткөрүлдү. Бишкек ЖЭБи үчүн Д, ДГ жана Г маркаларындагы көмүрдү жеткирүүгө тендердин жеңүүчүсү аныкталган.

“2019-2020-жылдарга күз-кыш жылытуу мезгили үчүн Бишкек ЖЭБине көмүрдү жеткирүүчүлөрдүн бири болуп "КонтактУглеПром" ТОО табылды. 1 027 219 008 сом бюджети менен 400 000 тонна көлөмдөгү Д, ДГ жана Г маркасындагы көмүрдү жеткирүүгө тендер 29-июлда жарыяланган. Баалоонун жыйынтыктары мамлекеттик сатып алуулар порталында 6-сентябрда жарыяланды.

Жеткирүүлөрдүн графиги 2020-жылдын мартына чейин эсептелген, биринчи көлөмү сентябрда келип калат.

Бүгүнкү күнү, Бишкек ЖЭБинде 80 000 тонна көмүр бар, Кара-Кече көмүрүн жеткирүүлөр жүргүзүлүп жатат. Станциянын үзгүлтүксүз иштеши үчүн ушул көлөм жетиштүү. Жалпысынан күз-кыш жылытуу мезгилине Бишкек ЖЭБи үчүн 1 млн. 140 миң тонна көмүр даярдалат”, - деп айтылат билдирүүдө.

Бишкек ЖЭБи - өлкөбүздүн түндүгүндөгү электр энергиясын иштеп чыгаруучу жалгыз ири мекеменин бири болуп саналат. Кыш мезгилинде күнүнө 6-7 млн.кВт/саат  электрди иштеп чыгарат.

Ссылка: https://barometr.kg/tajdaralieva-bishkek-zhyluuluk-elektr-borboru-kyshka-toluk-dayar



Добавить комментарий