Төө-Ашуудагы тоннел маал-маалы менен жабылат
Бөлүшүү:
Эртең, 8-августтан тартып 5-сентябрга чейин Төө-Ашуудагы туннел маал-маалы менен жабылып турат. Буга оңдоп-түзөө иштери себеп болууда. Бул тууралуу өлкөнүн Транспорт жана жолдор министрлиги бүгүн тараткан маалыматта айтылат.
Анда маалым болгондой, оңдоо иштери таңкы 8:00дөн 9:30га чейин жана түшкү 14:00дөн 15:30га чейин жүрүп, унаалардын каттоосу тосулат. Ал эми калган учурларда айдоочулар үчүн жол ачык болмокчу.
Ссылка: https://barometr.kg/t-ashuudagy-tonnel-maal-maaly-menen-zhabylat
Добавить комментарий ×