Сырттан келген 148 млн доллар каякка жумшалаары айтылды
Сырттан келген 148 млн доллар каражаттын каяка жумшалаары айтылды. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет.
“Сырттан келген 148 млн доллар каражат учурда улуттук банктын эсебинде турат, ал сумманын 121 млн доллары – Эл аралык валюта фондунун экинчи траншы. Бул жардамдын 80 млн доллары – 5 жылга, 40 млн доллары 10 жыл мөөнөткө карызга берилгендиктен, биз бул каражаттарды кайрадан төлөөгө жеңил болуш үчүн алгач экономиканы кайра жандандырууга жана ишкердикти колдоого жумшалары пландалууда», - деп айтылат маалыматта.
Коронавирус илдети менен күрөшүүгө муктаждыктар болсо ошол жакка дагы каражат жумшалаары айтылды.
Ошондой эле, сырттан келген жардамдын эсебинен жана бюджеттин эсебинен дары-дармектер сатылып алынып жатат. Эл аралык донорлордон дагы гуманитардык жардам катары алып жатат.
«Дары-дармектерди сатып алууга өлкөдө каражат жетиштүү. Бирок ошол эле учурда, дүйнө жүзүндө дары-дармекке керектөөчүлөр абдан көбөйдү. Ошондой эле, чек аралар жабык болгону да бир катар көйгөйлөрдү жаратып жатат. Мындан улам, кезекке туруп алууга муктажбыз. Бул жаатта тийиштүү мамлекеттик органдар иштеп жатышат”, - деп билдирди вице-премьер-министр Эркин Асрандиев.
Ссылка: https://barometr.kg/syrttan-kelgen-148-mln-dollary-kayaka-emnege-sarptalyp-zhatat
Добавить комментарий ×