Сынчыл ой жүгүртүү. Чупакабралардан да коркунучтуу желмогуздар. Фейктер
“Интерньюс Кыргызстан” Кыргызстандагы шайлоо жана саясий процесстердин контекстинде медиа сабаттуулук боюнча бир катар видео сабактарды баштайт. Бул тууралалуу аталган организациянын сайтына жарыяланган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Буга чейин видео сабактын биринчи санында, чындыкты, жарым чындыктан кантип ажыратуу керектиги айтылган. Жана жалган маалыматтын арты оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн экендиги талкууланган.
Медиа сабаттуулук боюнча видео сабактын экинчи чыгарылышында белгилүү теле алып баруучу Эркин Рыскулбеков Кыргызстанда 2014-жылы элди дүрбөлөңгө салган канкор, желмогуз Чупакабра жөнүндө тараган маалыматка токтолду.
"Бул Чупакабра жандыктын этин жебестен, жөн эле канын соргон. Жаныбарлардын канын соргон мистикалуу жаныбар кандай гана медиа сабаттуу адам болбосун маалыматты тактап, текшерүүгө умтулушу керек эле. Коркунучтуу жанбардын бар экендигин илим тастыктаган эмес. Бул элди дүрбөлөңгө салган жаныбар кийин, жөн гана жолбун ит же түлкү болуп чыкты. Ушуга окшогон ойдон чыгарылган маалымат ар дайым эле залакасыз болот деп айтууга болбойт", -деди ал.
Шайлоо алдындагы мезгилде жасалма нерселер атайылап манипуляциялык же кыйратуучу мүнөзгө ээ.
Ссылка: https://barometr.kg/synchil-oj-zhgrt-chupakabralardan-da-korkunuchtuu-zhelmoguzdar-fejkter
Добавить комментарий ×