Сынактык долбоор ишенимди актай алдыбы?
Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен жалпы коомго маанилүү болгон ички иштер органдарында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча реформа жүргүзүү башталган. Бул тууралуу КР ИИМдин Коомдук кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов билдирди.
Сынактык долбоор катары, Республикасынын мамлекеттик органдары КР Ички иштер министрлиги менен биргеликте Бишкек шаарында Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы (МККБ) мекемесин түзүү чаралары ишке ашырылды.
Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигиндеги (КМШ) өлкөлөрдүн – Грузия, Молдова, Украина, Армения, Казахстан жана Россиядагы Ички иштер органдарын реформалоо классикалык советтик тутумду өзгөртүү менен жаңы институциялык толуктоолорду киргизүү мезгилдин талабы экендигин көрсөттү.
Азыркы учурда, Бишкек шаарынын Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы тарабынан алгылыктуу иштер жүргүзүлүүдө. 2020-жылдын 5 ай аралыгында аткарган жумушунун былтыркы жылга салыштырмаалуу жогорулады, себеби милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери тарабынан укук бузууларды аныктоо жана ага аракеттенүүсү өсүп жогорулады.
Милициянын кайгуул кызматынын чакырылуурга келүүсү 7-10 мүнөттү түзөт. Жумуштун натыйжалуулугуна ИИМ тарабынан бир нече укуктук-ченемдик актылар иштелип чыгып жана бекитилип, алардын негизинде Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери кайра даярдоодон өтүшү себеп болгон.
Ошондой эле, алар жаңы заманбап материалдык-техникалык каражаттар менен камсыздандырылган: үн чыгаруучу, жарык белги берүүчү кыматтык автоунаалары, радиостанциялары, видео көзөмөл жүргүзүүчү, программалык камсыз болгон борттук компьютерлер менен жабдыкталган. МККБга кызматкерлерди кабыл алуу жарандык коомдун жана ИИМдин кызматкерлеринен түзүлгөн атайын комиссиясынын көзөмөлү астында ачык жана айкындуу жүргүзүлөт. Ачык конкурстан ийгиликтүү өткөн талапкерлер, ИИМдин Академиясынын базасында 3 айлык окуу курсуна окутууга жөнөтүлөт. Ал окууну аяктаган соң, МККБга кызмат өтөөгө дайындалышат. Бул долбоордун ийгилиги болуп, ИИМдин тутумунда мурун иштебеген жарандардын арасынан кабыл алуусу болуп саналат. Милициянын кайгуул кызматына кабыл алынган жаңы кызматкерлердин ой жүгүртүүсү, жаңы көз караштары жана өзүн бул чөйрөдө көрсөтүү максатында укук тартипти камсыздоого салымын кошуу тилеги менен кызмат өтөшүүдө.
Дагы бир белгилей кетчү жагдай, бул кызматкерлердин жогорку айлык маянасы. Коомчулук, бул долбоордун Бишкек жана Ош шаарларында ийгиликтүү ишке ашырылгандан кийин республиканын бардык аймактарында иштеп башталышына үмүт кылат. Анткени, калктын негизги бөлүгү бул жаңыча түзүлгөн кызматты колдоп, чоң үмүт менен жалпы ички иштер органдарын реформалоону күтүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/synaktyk-dolboor-ishenimdi-aktaj-aldyby
Добавить комментарий ×