Сыймык Бейшекеев: “Түгөнгөн сайын түтөгөн кыргыз, биринин кемтигин бири бүтөгөн кыргыз”

20 июль 2020 12:08 3165 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ырчы Сыймык Бейшекеев чет өлкөдө туруп мекенине колдоо көрсөтүп, каражат которуп жаткан кыргыз жарандарына кайрылды. Бул тууралуу ырчынын социалдык тармактагы баракчасына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Белгилүү ырчы жана обончу, КРдин Эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеев чет өлкөдө жүрүп, кыргыз эли үчүн күйүп, акчалай жардам көрсөтүп жаткан мекендештерине ыраазычылыгын айтып, алардын аманаттары толук түрдө дарегине жетип жатканын ынандырды.

“Күн өткөн сайын күчөгөн апаатын да аягына чыга турган күнү келет, өмүр өзүбүз каалагандай өкчөй турган чүкө эмес экенин баарыбыз жөн гана алсыз пенде экенибизди аңдап түшүнгүдөй болдук окшойт. Түгөнгөн сайын түтөгөн кыргыз, биринин кемтигин бири бүтөгөн кыргыз, пейилиңден айланайындарым жашооң бөтөн өлкөдө болсо да жаның мекенде болуп, жаныбызда туруп жардам бере албаганыңа жаның күйүп жанчылып атканын сезип атам. Ар бириңдин которгон каражаттарыңарды коромжусуз дарегине жеткирүүгө абийрибизге камчы чаап жандалбас уруудабыз. Журтташтарым көтөрөлү башты, биздин аракетибиз билиги өчүп бараткан үмүткө шам болсун. Биригүүбүз бийик тоодон төгүлгөн таң болсун. Бүгүн биз намыска камчы чапчу, тарыхта абийир тапчу сыноо күндөбүз. Биз сени ыйлатпайбыз, жоготпойбуз мекеним. Өзүң үчүн алган арымыбыз эм болсун, салган салымыбыз дем болсун. Достор азыр жан айласы кылып жалгыздап адашчу эмес, жалпы журтка жанашчу мезгил келди, бүгүн кылбаган жардамдын эртең балким кереги деле жоктур, тирүү тургандарыбыз бир дөңдө болуубуз абзел экенин аңдайлы”, - деп жазган ырчы.

Ссылка: https://barometr.kg/syjmyk-bejshekeev-tgngn-sajyn-ttgn-kyrgyz-birinin-kemtigin-biri-btgn-kyrgyz



Добавить комментарий