Сыймык Бейшекеев: Чыгаан спортчу Раатбек Санатбаевди өлтүргөндөр кыргыздын намысы менен туусун кошо кулатышты

8 январь 2021 14:55 4694 Barometr
Бөлүшүү:
ok


Грек-рим күрөшү боюнча Азиянын жана дүйнөнүн чемпиону Раатбек Санатбаевди дал ушул күнү 2006-жылдын 8-январында атып кетишкен. Атактуу спортчуну эскерип ырчы Сыймык Бейшекев ыр чыгарганын айтып, аттиң кылды. Бул тууралуу ырчынын соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Мындан туура 15 жыл илгери, ушул күнү, кыргыздын намыс талашкан баатыры, Раатбек Санатбаев көркоолордун колунан мертинип ажал тапкан. Жырткыч наадандар, мыкты адамды эле эмес, бүтүндөй өлкөнүн намысын, туусун кошо кулатканын билишпесе да керек. Ыйманың саламат, жаның бейиштик болсун досум, бүгүн жума күнү Раатбек Калыбек уулуна багыштап куран түшүрүп, жума намазыңызда үй бүлөсүнө, кыз-уулдарына амандык, бак-таалай тилеп дуба кылып койсоңуздар, өтүнүч. Баатырыбыздын башка кылаар жакшылык колубуздан келбейт, мыктыларды тирүүсүндө баалайлы достор. Өз баатырын коргой албаган эл, өзгөлөрдүн кордоосунда болот”, - деп эскерди ырчы.

Эске сала кетсек, Раатбек Санатбаевди 2006-жылы 8-январь күнү кечинде Бишкекте атып кетишкен. Кол салуу учурунда агасы Орунбек Санатбаев спортчунун жанында болгон. Спортчуга кол салган адамдар экөө болгон. Алардын бири 37 жаштагы Раатбек Санатбаевге ок чыгарганда, ок анын артына тийген. Жаракат өлүмгө алып келген. Аны Улуттук хирургиялык борборуна алып бара жатканда, ооруканага жетпей көз жумган.

Раатбек Санатбаев - Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери. Грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугунун коло медалынын ээси. Сиднейдеги Олимпиада оюндарында Кыргызстандын мамлекеттик туусун көтөрүп жүрүү ага тапшырылган.

Акыркы жылдары Раатбек Санатбаев Олимпиадалык даярдоо борборунун директорунун орун басары болуп иштеп, Кыргызстандын Улуттук Олимпиада комитетинин президентинин кызмат ордуна талапкерлердин бири болгон.

Маалымдама:

Санатбаев Раатбек Калыбекович 1969-жылы Ош шаарында төрөлгөн. Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун аяктаган. Санатбаевдин спорттук карьерасы 1984-жылы Юрмала шаарында өткөн Бүткүл Союздук мелдешке катышып, өз салмак категориясында биринчи орунду ээлөөдөн башталган. Санатбаев Кыргыз Республикасынын грек-рим стилиндеги мыкты балбаны деп табылып, өлкөнүн Эмгек сиңирген спорт чебери наамын алган. Анын негизги ийгиликтери Сиднейдеги Олимпиада оюндарындагы коло медалды жеңиши болгон. Ал эми Азия биринчилигинде Санатбаев эки жолу абсолюттук жеңүүчү деп табылган. Спорттогу жетишкендиктери үчүн Раатбек Санатбаев Улуттук олимпиада комитетинин ордени жана "Даңк" медалы менен сыйланган.

Ссылка: https://barometr.kg/syjmyk-bejshekeev-kyrgyzdyn-chygaan-uulu-raatbek-sanatbaevdi-ltrgndr-any-menen-birge-kyrgyzdyn-namysy-menen-tuusun-kosho-kulatyshty



Добавить комментарий