Бишкекте Свердлов райондук сотунун судьясы кылмышка шектелип кармалды

27 август 2019 15:14 1446 Жайнагул Такенова
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн Бишкек шаарынын Сведлов райондук сотунун судьясы кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу, кызматтык жасалмалоо жана сот адилеттигине жатпаган өкүм чыгарууга шектелип жатат. Бул тууралуу бүгүн, 27-августта Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Көзөмөлдөөчү орган Сведлов райондук сотунун Д.Т. аттуу судьясынын атына Жазык кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүмү (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 305-беренесинин 2-бөлүмү (кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу), 315-беренесинин 2-бөлүмү (кызматтык жасалмалоо) жана 328-беренесинин 2-бөлүмүндө (сот адилеттигине жатпаган өкүм чырагуу) каралган кылмыштарга шектелип жатканы боюнча билдирүү тапшырган.

2016-жылдын 30-сентябрында А.Ж. аттуу жактоочу Ч.Ю. аттуу жарандын кызыкчылыгын коргоп, аны камактан мыйзамсыз бошотуу үчүн Свердлов РИИБдин тергөөчүсүнүн аракетине арызданып, Свердлов райондук сотуна кайрылган. Ал судьяга козголгон кылмыш иш тууралуу токтомду мыйзамсыз деп табууну жана Свердлов райондук сотунун камакка алуу бөгөт коюу чарасын сырттан кароо тууралуу токтомду жокко чыгарууну өтүнгөн.

«2016-жылдын 4-октябрында аталган судья өзүнүн кызматтык укутарынын чегинен чыгып, адилетсиз чечимдери тууралуу билип, Ч.Ю. аттуу жаранды кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу максатында А.С. аттуу тергөөчүнүн аталган жаранга Жазык кодексинин 166-беренесинде каралган (алдамчылык) кылмыш ишин козгоо тууралуу токтомун жокко чыгарган. Мындан тышкары ал камакка алуу бөгөт коюу чарасын сырттан кароо тууралуу токтомду жокко чыгарган», - деп айтылат маалыматта.

Аталган судьяга карата козголгон кылмыш иши сотко жөнөтүлдү.

Ссылка: https://barometr.kg/sverlov-rajonduk-sotunun-sudyasy-kylmyshka-shekt



Добавить комментарий