Сузактын акими: үч айылга блокпосттор коюлду. Конокко бараткан кишилер айылга киргизилбейт

18 март 2020 14:41 1038 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Сузактын акими Эрмекбай Омошев район аймагына киргизилген өзгөчө кырдаал менен карантинге азырынча мөөнөт коюла электигин “Барометр” агенттигине билдирди.

Эске салсак, бүгүн, 18-мартта, Сузак районунда Сауд Аравиясына умрага барып келген үч жарандан коронавирус табылган. Андан кийин райондун акими аймакка карантин киргизилип, өзгөчө кырдаал жарыяланганын маалымдаган.

Омошев өз сөзүндө карантин менен өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү эпидемиологиялык жана эпизотикалык абалдан көз каранды экенин айтат.

“Жарандык  коргонуу комиссиясы менен абал турукташып, ал жерде жугуштуу оорулар тарап кетүү коркунучу жок болгон учурда, өзгөчө эпидемиологиялык жана эпизотикалык абалга каршы күрөшүү комиссиясы менен кеңешип анан белгилейбиз. Азырынча ал мөөнөтү жок, белгисиз”, — деди ал.

Аким андан сырткары райондогу базарлар, дүкөндөр кадимки тартибинде иштеп жатканын айтып, болгону жума сайын боло турчу чоң базарга азырынча тыюу салынганын кошумчалады.

“Бардык дүкөндөр, базарлардын бардыгы кадимки режимде иштеп жатат. Биздин райондун борборунда жума базар кылып ар кайсы жактан келип өз товарларын саткандарга тыюу салып, аны жаптык. Күнүгө иштеп жаткан базарлардын бардыгы иштеп жатат”, — деди ал.

Андан сырткары Сузак районунун эки айыл өкмөтүнүн үч айылына блокпосттор коюлганын билдирди.

“Сузак айыл өкмөтүндөн Благовещенка айылы, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Орто Азия менен Бостон айылына чектөө киргизилди. Бул айылдарга бараткан адамдар текшерилип, эмне себептен кирип жатканы такталат. Ал жактан оору жуктуруп алышы ыктымалдыгы боюнча эскертүүлөр берилет. Жөндөн-жөн ал жерге каттоого, мейманга бараткандарды киргизбейбиз”, — деди ал.

Ссылка: https://barometr.kg/suzaktyn-akimi-ch-ajylga-blokposttor-koyuldu-konokko-baratkan-kishiler-ajylga-kirgizilbejt



Добавить комментарий