Сузакта дайынсыз бодуп жаткан өспүрүм аман-эсен табылды
Сузакта дайынсыз болуп жаткан 11 жаштагы Али табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин маалыматына таянып “Барометр” билдирет.
Кече, 13-октябрда Сузак районунун Ленин айыл аймагынын Винсовхоз айылынын тургуну 2011-жылы туулган Малаасман-оглы Али 2022-жылдын 9-октябрь күнү саат 17:00 чамасында ошол эле айылдын тааласында мал кайтарып жүрүп, качып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу жазганбыз.
Бул маалымат жарыяланган соң кайдыгер эмес жарандар тарабынан баланын болжолдуу даректери милицияга берилген.
“Али Сузак районунун Октябрь айылында жүргөн жеринен табылып, жакындарына өткөрүлүп берилди.
Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы ЖМК өкүлдөрүнө жана жалпы коомчулукка ыраазычылык билдирет”, -деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/suzakta-dajynsyz-bodup-zhatkan-sprm-aman-esen-tabyldy
Добавить комментарий ×