Сузакта "Биз кылмыштуулукка жана зордук-зомбулукка каршыбыз" деген жыйын болду
Сузак районунда РИИБдин кызматкерлеринин катышуусундагы “Биз кылмыштуулукка жана зордук-зомбулукка каршыбыз” аталышындагы жыйын болуп өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирди.
Жыйынга райондук жетекчилер, мектеп директорлору жана 300гө жакын район тургундары катышты. Алар үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун жана эрте турмуш куруунун алдын алуу, балдарды колдоо иштерин жогорулатууну, өспүрүмдөр арасындагы топтошуп мушташууларды, кылмыштуулукту болтурбоо маселелерин талкуулашты.
Жыйындын катышуучуларына мигрант үй-бүлөнүн жашоо шарты жана эрте турмуш куруунун терс жактары камтылган атайын сахналаштырылган көрүнүштөр көрсөтүлдү.
Ошол эле учурда Сузак жана Атабеков айыл өкмөттөрүндө милиция кызматкерлери айыл тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Алар мектептерде, эл көп топтолгон жайларда үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту болтурбоо, кылмыштардын, бузуулардын жана ар түрдүү кырсыктардын алдын алуу багытындагы иштерди алып барышты.
Ссылка: https://barometr.kg/suzakta-biz-kylmyshtuulukka-zhana-zorduk-zombulukka-karshybyz-degen-zhyjyn-boldu
Добавить комментарий ×