Сузакта 230 үй-бүлөгө азык түлүк таратылды
Жалал-Абаддагы Кызыл-Туу айлынын тургундарына азык-түлүк таратылды. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
"Кечээ, 19-апрелде Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы Жалал-Абад облустук мусулмандар казыяты менен биргеликте Ыйык Рамазан айынын урматына кайрымдуулук иш-чарасын өткөрүштү.
Иш-чарада Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл аймагындагы 230 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды.
Азык-түлүк Жалал-Абад облусунун казысы Нематтулла ажы Жээнбеков, шаарынын вице-мэри Руслан Алтымышов жана айыл аймактын кызматкерлери, айыл аксакалдарынын катышуусунда таратылды.
Жардам алган жергиликтүүлөр демөөрчүлөргө, уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдиришти.
Майрамдык баштыкчанын ар биринде 10 кг ун, 5 литр май, 5 кг күрүч, 5 кг кум шекер, 5 кг макарон, 2 кг печенье, 1 кг курма жана 1 литр кайнатылган сүт, бир куту чай салынган",- деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/suzakta-230-j-blg-azyk-tlk-taratyldy
Добавить комментарий ×