Сузак районуна карантин жарыяланып, өзгөчө кырдаал киргизилди

18 март 2020 11:29 752 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Сузактын акими Эрмекбей Омошев райондун аймагына карантин жарыяланып, өзгөчө кырдаал киргизилгенин билдирди. Анын айтымында, мындай аракеттер район аймагында коронавируска чалдыккан үч учур катталгандыктан жасалып жатат.

“Биздин райондун аймагында коронавирус боюнча үч учур катталды. Элдин арасында карантин жарыяланып ,Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилди. Андыктан кооптонууга негиз жок. Дарыгерлер берген эрежелерди так сактап, гигиенаны сактасыңздар муну жеңебиз. Азык-түлүктүн запасы жетиштүү”, — деди ал.


Белгилей кетсек, саламаттык сактоо Космосбек Чолпонбаев Кыргызстанда дагы үч кишиден коронавирус табылганын маалымдап, элди паникага алдырбоого чакырган.

Ссылка: https://barometr.kg/suzak-rajonuna-karantin-zharyyalanyp-zgch-kyrdaal-kirgizildi



Добавить комментарий