Суваналиев: Кырдаалды курчутууга кызыктар болгон чагымчыл күчтөргө каршы турушубуз керек
Коопсуздук кеңешинин катчысынын милдетин аткаруучу Өмүрбек Суваналиев Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин өздүк курамы менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
9-октябрда коопсуздук кеңешинин катчысынын милдетин аткаруучу Өмүрбек Суваналиев Ички иштер министрлигинин өздүк курамы менен жолугушту.
Иш-чарага Ички иштер министринин милдетин аткаруучу Курсан Асанов, министрдин орун басарлары жана ИИМдин борбордук аппаратынын өздүк курамы катышты.
Жолугушууда Өмүрбек Суваналиев өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды турукташтыруу боюнча ишти күчөтүү керектигин, коомду жана мамлекетти коргоо үчүн Ички иштер министрлигинин бардык бөлүмдөрүндө ыкчам-кызматтык иш-чараларды жогорку деңгээлде уюштуруу керектигин белгиледи. Ошондой эле ал чагымчыл деструктивдүү элементтер тарабынан кырдаалды курчутуу аракеттери болуп жаткандыгын белгиледи. Кырдаалды көзөмөлдөө жана уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү үчүн укук коргоо органдарынын күчтөрү жана каражаттары жетиштүү. Мамлекеттик уюмдардын жана укук коргоо органдарынын имараттарын басып алууга аракет кылгандарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катуу чаралар көрүлөрүн айтты.
Ошондой эле, Өмүрбек Суваналиев Ички иштер министрлиги жана башка күч түзүмдөрү саясаттан тышкары болуп, саясий партиялардын жана башка кызыкчылык топторунун куралы болбостон, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коомдук коопсуздук маселелерин чечиши керектигин баса белгиледи.
«Кылмыш чөйрөсүнүн өлкөдө баш көтөрүүсүнө жол бербешибиз керек, кылмышкерлердин мамлекетибизде ар кандай саясий күчтөргө таасир этүү аракеттерин, мамлекеттик бийлик органдарынын абалын туруксуздаштырууга болгон каалоолорун тез арада токтотуу керек. Укук коргоо органдары өлкөгө мыйзамдуулукту жана туруктуулукту кайтаруу максатында коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо боюнча өз иштерин жүргүзөт», - деди Суваналиев.
Добавить комментарий ×