Суусамырга бара жаткан жолдо жүк ташуучу унаа менен “Тойота Ленд Крузер” кагышып, 2 адам каза болду

24 октябрь 2018 10:40 1345 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Суусамырга бара жаткан Бишкек-Ош унаа жолунунун 165-чакырымында эки унаа кагышып,  “Тойота Ленд Крузер” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жана жүргүнчүсү каза болду. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. 

Маалыматта айтылгандай, кырсык  бүгүн 24-октябрь күнү саат 02:40да  болгон. “Фура” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен  “Тойота Ленд Крузер”   үлгүсүндөгү унаа кагылышкан. ӨКМнин куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик болборунун куткаруучулары каза болгон адамдардын жансыз денелерин унаадан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Окуянын чоо-жайы иликтенүүдө. 

Ссылка: https://barometr.kg/suusamyrga-bara-zhatkan-zholdo-zhk-tashuuchu-unaa-menen-tojota-lend-kruzer-kagyshyp-2-adam-kaza-boldu



Добавить комментарий