Суусамырда 3 жаштагы бала дайынсыз жоголду

3 июнь 2019 14:48 1556 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Чүй областынын Жайыл районунда 3 жаштагы бала дайынсыз жоголгонун КР ӨКМ кабарлады.

2-июнда Суусамыр айыл аймагынын Биринчи Май айылында 2016-жылы туулган К. Т., аттуу бала жоголгон.

Баланы издөөгө ӨКМнын тогуз куткаруучусу, Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн алты милиционери тартылган. Издөө иштери 2-июнда 20:00гө чейин уланган. Бирок табылган жок. Бүгүн издөө иштери уланууда.

Ссылка: https://barometr.kg/suusamyrda-3-zhashtagy-bala-dajynsyz-zhogoldu



Добавить комментарий