Чүй менен Таласта эки киши сууга чөгүп кетти

27 апрель 2020 09:47 1269 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Аламүдүн районунун Октябрь айылында Чу дарыясында аял кишинин сөөгү жаткандыгы (аты-жөнү жана туулган жылы такталууда) тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМдин Басма сөз кызматы билдирди. 

Издөө иштерин жүргүзүү үчүн  КР ӨКМнин №1 ӨКБ куткаруучу тартылып, сөөктү суудан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. 

Андан сырктары Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында Талас дарыясына 2014-жылы туулган М.И. аттуу жаш бала түшүп кеткен. Издөө иштерин жүргүзүү үчүн 6  КР ӨКМнин №93 ӨКБ куткаруучу тартылып, бирок алар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар суудан жаш баланын сөөгүн табышып, туугандарына өткөрүп беришкен.

Ссылка: https://barometr.kg/suuga-chgp-ketken-zharandar-kokustukpu



Добавить комментарий