8-март айымдардын майрамында берилчү эң популярдуу белектер кайсылар?

24 февраль 2022 11:20 7324 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жаздын келиши менен 8-март аялдардын эл аралык күнү белгиленет. Жаз жыттанган айымдардын майрамын утурлай “Барометр” эң популярдуу белектерге саресеп салып көрүүнү туура көрдү.

Табиятынан назик, аруузат айымдардын майрамынын алдында соцтармак аркылуу сурамжылоо жүргүзүп, 8-мартта эң көп берилген белектердин сап башында гүл жана зер буюмдары турарын аныктадык.

Анда эмесе, алдыдагы майрамды утурлай мырзаларга бир чети жардам ирээтинде аялдардын жаз майрамына берүлчү популярдуу белектердин тизмеси:

  • бул күнү гүл башкы жана кошумча белек катары эң көп берилет;
  • зер буюмдарды айымдар табиятынан жакшы көргөндүктөн бул күндүн башкы белеги болот;
  • жумшак оюунчуктарды да айымдарга мырзалар белекке берүүнү туура көрүшөт;
  • сүйүктүүсүнө автоунаа тартуулаган мырзалар да жок эмес;
  • кийим же болбосо аксессуарлар да күндүн белеги болуп эсептелинет;
  • коссметика да айымдар үчүн баа жеткис белек деп эсептешет мырзалар;
  • акыркы үлгүдөгү уюлдук телефондорду тартуулоону туура көргөндөр да көп;
  • ошону менен катары эле, “өз калаганыңды сатып ал” деп акчалай белегин берген жигиттер да жок эмес.

Ал эми, бул күнү көбүнчө жубайлар же болбосо сүйүшкөн жаштардын көпчүлүгү кинотеатрларда, кароке же болбосо кафе-ресторандарда майрамды өткөрүшөрү маалым болду.

Ссылка: https://barometr.kg/suramzhyloo-8-mart-ajymdardyn-majramynda-berilch-e-populyarduu-belekter-kajsylar



Добавить комментарий