Сурабалдиева: Кыргызстанда азыр 482 ИВЛ аппараты жана 5192 кычкылтек концентратору бар

5 ноябрь 2020 13:07 552 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 5-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында өлкөдөгү эпидемиялогиялык абал тууралуу өкмөттүн маалыматы угулуп жатат.

Жыйында, коронавирус менен күрөшүү үчүн башкы штабды вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева жетектеп жатканы маалым болду.

Сурабалдиеванын айтымында,  өкмөт коронавирустун экинчи толкунуна даяр.

"Кыргызстанда 111,276 ПЦР тест системасы бар. Өлкө боюнча 14 лаборатория күнүнө 1560 ПЦР тест алып, аныктап чыгууга мүмкүнчүлүгү жетет.

4-ноябрга карата Кыргызстанда 482 ИВЛ аппараты жана 5192 кычкылтек концентратору бар.

Мындан тышкары, 85 CPAP шайманы жана 9 BPAP шайманы (өпкөнүн жасалма желдетүүчү) бар”, - деди Сурабалдиева.

Ссылка: https://barometr.kg/surabaldieva-kyrgyzstanda-azyr-482-ivl-apparaty-zhana-5192-kychkyltek-koncentratoru-bar



Добавить комментарий