Чоң-Алайда памир кыргыздары үчүн 350 үй куруу пландалууда
Чоң-Алайда памирлик кргыздар үчүн 350 үйдү куруу пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өткөн маалымат жыйынында билдиргенин “Барометр” кабарлайт.
Анын айтымында, кайрылман мыйзамынын алкагында көптөгөн этникалык кыргыздар мекенине кайтарылды.
“Баарын көчүрүп келип, турак-жай менен камсыздоого мамлекеттин күчү жетпейт. Ошого карабай Афганистанда начар шарттарда жашап жаткан кыргыздарга жардам берип жатабыз. Биринчи кезекте аларга камкордук кылуудабыз. Кийинки жылы апрель айында 350 үй куруп аларды жайгаштырабыз”,-деп айтты президент.
Жапаров этникалык кыргыздар Өзбекстан,Түркия, Тажикстан, Кытайда да жашап жактанын белгилеп өттү. “Алар жакшы жашашат, өздөрү келе алат.Биз болгон күчүбүз менен этникалык кыргыздарга жардам беребиз”,-деп айтты Садыр Жапаров.
Ссылка: https://barometr.kg/cho-alajda-pamir-kyrgyzdary-chn-350-j-kuruu-plandaluuda
Добавить комментарий ×