Султанбек Жоошбаев: Кары дебей жаш дебей мыйзам менен жашаганга жетишибиз керек
ИИМдин ардагерлеринин кадыр-баркы акыркы революцияда даана билинди. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
1-ноябрь-Кыргыз милициясынын күнүнө карата Өсүш үчүн не керек?
Туура жолду ким билет?
Ушуга көңүл бөлөлү, акылдаша жүрөлү.
Туура жолду бир билсе, аксакалдар билишээр.
Ортого салып акылын, кеңешин айтып беришээр.
Бүгүн сиздерге ИИМдин ардагери, Кыргыз милициясынын көйгөйлөрүн жакындан билген милициянын ардагер полковниги, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султанбек Жоошбаев менен болгон маегибизге көнүлүңүздөрдү бурабыз.
- Султанбек Жоошбаевич, бүгүн биздин эл Кудайдын кудурети, жаштардын аракети менен дагы бир ирет төнкөрүш жасап, бүткүл дүйнөгө багынбаган, эркиндикти сүйгөн эл жашаган өлкө делип таанылып турабыз. Ушундай абалда биз ИИМдин кызматкерлери эмне кылышыбыз керек деген маселе турат?
- Кыргыз элинин каада-салты менен, кылымдардан бери келе жаткан үрп-адаты менен эсептешпей коюуга болбойт. Бирок мен Сиздин биздин мамлекет жаңыдан бутуна туруп жаткан жаш баладай дегениңизге кошула албайм. Фактыларга кайрылсак мындай: ИИМдин түзүлгөнүнө 96 жыл болуп атса, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин түзүлгөнүнө 60 жыл болуп атса сиз кайсы жаш баладай абалды көрүп атканынызды билбейм. Кыргыз малекетти эгемендикке жетишкенин анын жаштыгы катары эмес, жаңылануусу катары караган туура болот деп ойлойм. Жаштарга насаатчы болгон,аларды жанылыштыктардан сактап колтуктап жүрргөн аталар бар. Аларда 96 жылдык тажрыйба бар. Ошол тажрыйбаны муундан муунга жеткизип, жаштарга жол көргөзөн ИИМдин Ардагерлер кеңеши десем болот. Кыскартып сиздин сурооңузга мындайча жооп берейин: кары дебей жаш дебей мыйзамды сыйлап, мыйзам менен жашаганга жетишибиз керек.
Чынында эле биз өз көзүбүз менен көрүп жүргөн нерсе бул ИИМдин Ардагерлер кеңешинин иши. Себеби кандай кана иш чара болбосун ИИМдин ардагерлер кеңеши ачык маанайда, баарына жеткиликтүү кылып өткөрөт.
Жалпыга маалымдоо каражатары менен тыгыз байланышта. Сиз Ардагерлер кеңешинин 60 жылдык мааракеси жөнүндө кыйытып айта кеттиңиз. Ушул маселеге толугураак токтоло кетсеңиз?
- Быйыл, тагыраак айтсам, үстүбүздөгү жылдын 24-октябрында ИИМдин Ардегерлер кенешинин түзүлгөнүнө 60 жыл болду. Тээ илгери-илгери 1960-жылы 24-октябрда ИИМдин Ардагерлер кеңеши түзүлүп, ошондон бери ийгиликтүү иштеп келет. Азыр ардагерлер кеншинин катарында 17 миңден ашык ардагер бар. Менимче бул сан эч качан кыскарбай турган, арчадай узак өмүрү бар сан. Себеби бир ардагер кетсе, ордуна эки ардагер келип толукталып турабыз. Ал эми ардагерлер Кеңешинин күнүн белгилөө салты 2018-жылдан бери ИИМдин ошол кездеги министри Жунушалиевдин буйругу менен белгиленип келет. Өлкөбүздөгү айрым бир ардагерлер кеңештеринин өмүрү кыска экенин билебиз, анткени аларды катары толукталбай, жылдан жылга азайып олтуруп жыйынтыгында, аттары тарыхта, өздөрү мүрзөлөрдө кала берет. Айтсак: Таба эмес тобо, Афгандык, Баткендик согуштардын ардагерлер кеңештери.
- Сиз ИИМдин кадыр-барктуу аксакалы катары, өздүк курамга эмне калоо айтаар элеңиз?
- Милиция кызматы элдин коопсуздугун, мамлекеттин тынчтыгын коргой турган абдан жоопту кызмат болгондуктан, биздин ар бир кадамыбыз элдин сынында болот. Ошондуктан кесиптештериме келе жаткан майрамдары менен чын дилимден куттуктап аларга жогорку жоопкерчиликти, булактай тазалыкты, жеткелең маданиятты, анан кайыштай чыдамкайлыкты, алмаздай бекем ден соолукту каалайм.
- Маегиңизге ырахмат, өзүңүзгө да үй-бүлөлүк бакыт, узун өмүр каалайбыз. Дагы бир ирет майрамыңыздар кут болсун!
Добавить комментарий ×