Субанбеков: өкмөт экономиканы калыбына келтирүү үчүн ички резервдерди пайдаланышы керек

14 май 2020 12:32 920 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бакирдин Субанбеков Өкмөт өкүлдөрүнүн көңүлүн дыйкандарды үрөн, жер семирткич жана күйүүчү-майлоочу каражаттар менен толук камсыздоо чараларын күчөтүү зарылчылыгына бурду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Андан тышкары эл өкүлү Кыргызстанга кайткан мигранттарды жумушка орноштуруу, күз-кыш мезгилдеринде кайталашыны күтүлүп жаткан COVID-19 илдетинин жаңы толкунуна даярдык көрүү маселелерине токтолду. 

"Мамлекеттик резервдин корун толтуруу зарыл. Андан тышкары калкты сапаттуу дары-дармек менен камсыздоо өтө маанилүү", - деди Бакирдин Субанбеков.

Ошондой эле депутат экономиканы кайра калыбына келтирүү маселесин да сөз кылып, ички резервдерди пайдалануу жана экспортко багытталган ишканаларды колдоо зарылчылыгын кошумчалады.


Ссылка: https://barometr.kg/subanbekov-kmt-uluttuk-ekonomikany-kajra-kalybyna-keltir-chn-ichki-rezervderdi-pajdalanyshy-kerek



Добавить комментарий