Стамбулдан келген 212 кыргызстандык дароо обсервацияга жөнөтүлдү - сүрөт
Бишкектеги “Манас” эл аралык аэропортуна Стамбул – Бишкек багыты боюнча учкан учак келип кондү. Ал менен Кыргызстандын 212 жараны келди.
“Баарынын коопсуздугу үчүн жүргүнчүлөр аба майдандын имаратынын ичине кирбестен, перронунда тейленип, обсервацияга жөнөтүлдү”, — деп республикалык штабдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Түркиядан келген жаранда “Ак кеме” мейманканасына обсервацияга жайгаштырылат.
Андан сырткары апрель айынын аягында жана май айынын башында Бириккен Араб эмирлигиндеги кыргызстандыктар дагы мекенине алып келинет. Учурда тийиштүү жактар менен сүйлөшүү иштери жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 17-апрелге карата 489 кишиден коронавирус табылды. Оору жуккандардын саны боюнча Ош облусу алдыда. Экинчи орунда Бишкек шаары турат.
Ссылка: https://barometr.kg/stambuldan-kelgen-212-kyrgyzstandyk-daroo-observaciyaga-zhntld
Добавить комментарий ×