Стамбулда аэропорттон секирген жаран каза болду. Бирок ал кыргыз жараны эмес болуп чыкты
Бөлүшүү:
Стамбулдагы Ататүрк аэропортунда бийиктен секирип, каза тапкан адам Казакстандын жараны болуп чыкты. Бул тууралуу Стамбул шаарындагы Сади Конук мамлекеттик ооруканасынан белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, жаранды операцияга даярдап жаткан кезде ал каза болуп калган. Бети таанылгыс абалда сынган жана өпкөсү да сууга толуп кеткен. Ал эми буга чейин түрк басылмалары жазышкандай ал кыргыз эмес, казак жараны болуп чыкты. Белгилей кетсек, айрым түрк басылмалары «Кыргызстандын жараны Ататүрк аэрпортунда өз жанын кыюуга аракет кылганын, абалы оор экенин» жазып чыгышкан.
Добавить комментарий ×