Сүт сөөктү бекемдейт
Ден соолукта болуш үчүн аны жаш кезден баштап колго алган жакшы. Сөөк адам баласынын кыймылынын эң негизги бөлүгү болуп саналат. Анын курамында 50% суу, 12,5% осейин (жумшак органикалык зат) 21,8% минералдык заттар (кальций фосфат), 15,7% май түзөт. Адамдын жашы улгайган сайын сөөктө органикалык заттар азайып, минералдык заттар көбөйөт. Мындай абал сөөктүн морт болушун жаратат.
10-20 жаш аралыгында сөөктү бекемдөөгө күнүнө 300 миллиграмм кальций колдонуу кажет. Ал үчүн күнүгө үч стакан сүт ичүү жетиштүү.
20-30 жаш аралыгындагы адамдар күнүнө 1000 миллиграмм кальций керектелет.
35-50 жаштагы адамдар күн сайын 1000 милиграмм кальций керектелет. Бул жашта сөөктүн курамынан пайдалуу элементтер ажырай баштайт.
50 жаштан ашканда күнүмдүк тамак-аш аркылуу жок дегенде 1000 миллиграмм кальций организмге барыш керек.
Сөөктү бекемдөөчү тамак-аштар
Бир күндө кеминде бир литр сүт ичүү керек.
Кургатылган өрүк дагы өтө пайдалуу. Анткени анын курмында магний, фосфор жана калий бар. Ал үчүн кечкисин кургак өрүктү жууп аны жылуу сууга жибитип коёсуз. Жибиген өрүктү таң эртең менен ач карын жеген өтө пайдалуу.
Жумуртканын кабыгы дагы өтө пайдалуу. Жумуртканы сууга бышырып алып, анын кабыгын аарчып аласыз. Аны жакшылап ун сыяктуу кылып майдалайсыз. Бир аш кашыктан күнүнө үстүнө бирнече лимон согун тамчылатып жеш керек. Мындай ыкманы бир айга чейин колдонгон жакшы натыйжа берет.
Ссылка: https://barometr.kg/st-skt-bekemdejt
Добавить комментарий ×