София Ротару Украинага чыгып кеткенин тастыктады

8 август 2022 11:23 1636 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ырчы София Ротару февраль айынан бери биринчи жолу күйөрмандарына билдирүү жолдоду. Ал Россия Украинага согуш жарыялаган күндөн тарта өзү туулуп өскөн жерине кетип калган. Бул тууралуу ырчынын соцтармактагы баракчасындагы маалыматка шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Ырчынын катталуучулары менен байланышка чыгуунун себептеринин бири анын туулган күнү болгон. 7-августта ырчы 75 жашка толду. Ротару бул күнү өзү туулган Украинанын Маршинцы айылында экенин айтты.  

"Күчтүү элдер жашаган жерге келдим! Бул жерде мен төрөлгөм, чоңойгом, мектепке баргам. Мына ушул жерден ырдай баштагам. Туулган жериңе таандык болуу сезимин жоготпоо, өз жериң менен байланышта болуу канчалык маанилүү экенин ар бир атуул билип жүрүшү керек. Сага өмүр берген, өстүргөн, колдоо көрсөткөн албетте дерлештериң», - деп жазган ырчы. 

Ссылка: https://barometr.kg/ssrdin-el-artisti-sofiya-rotaru-ukrainaga-chygyp-ketkenin-tastyktady



Добавить комментарий