ССМ: чек арада чатакта жабыркаган үч кыргызстандыктын биринин абалы оор
Кыргыз-тажик чек арасында болгон чатакта үч кыргызстандык жабыркады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
13-мартта көкүрөгүнө ок тийген эркек киши дагы деле болсо кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат.
“Ага оперция жасалды. Жарадар болгон адам эсине келип, өз алдынча дем ала баштады. Буга чейин жасалма дем алдыруучу аппаратта жаткан. Абалы оор”,-деп билдиришти Саламаттыкты сактоо министрлигинен.
Мындан тышкары кечээ, 14-мартта ооруканага дагы эки адамга ок тийип жаткырылды. Биринчисинин бутуна операция жасалды. Экинчи жабырлануучунун ийинине ок тийген. Экөөнүн тең абалы туруктуу.
Ссылка: https://barometr.kg/ssm-chek-arada-chatakta-zhabyrkagan-ch-kyrgyzstandyktyn-birinin-abaly-oor
Добавить комментарий ×